Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Канаттын чет жаккы узун бөлүгү, канат. Жагалмай чымчыкты чалгындарына калкалап тез-тез чокуйт (Токомбаев). Ирмебейсиң баатыр куш, Канатыңдын чалгынын (Калык). 2. өт. Тирек, жөлөк. Акылман, алтын чалгыным, Азыркы аркам Семетей (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Душман жөнүндө же кандайдыр атайын бир башка маалыматтарды билүү максатында жүргүзүлгөн изилдөө, байкоо аракети. Чалгынга минсе чарчабас, Канаты бар мал экен («Эр Төштүк»). Каныбек жанына эки жигит алып чалгынга өзү чыкты (Жантөшев).